Бишкектин Ленин райондук сотунда мурдагы шаар башчылар Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароо улантылды. Бул ирет айыпталуучулардын жактоочусу Сергей Слесарев Ибраимовго карата козголгон "Күнөстүү жээк" пансионаты боюнча кылмыш ишин жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Ал пансионат сатылган учурда Ибраимов "Дастан" ишканасында жетекчи болбогонун далил катары келтирген. Сот мындай өтүнүчтөн баш тартты.
Эскерте кетсек, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү "Күнөстүү жээк" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган.
Ал эми Кубанычбек Кулматов "Калыс-Ордо" конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган" деп күнөөлөнгөн.