Жаңылыктар
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү

Кыргызстан бейпил өлкө рейтингинде 13 сапка көтөрүлдү. Бул тууралуу Экономика жана тынчтык институту "Тынчтыкты сүйүү боюнча глобалдык индекс" рейтингине таянуу менен билдирген.

Рейтинг өлкөдө жашоо канчалык коопсуз экенин аныктайт. Аны аныктоодо коомдун ынтымагы, адам укугунун сакталышы, саясий жана экономикалык туруктуулук, террор коркунучунун деңгээли эске алынат. Быйыл Кыргызстан 108-саптан 95ке жылып, мурдагыдан 13 позицияга көтөрүлдү. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен сап башында Казакстан, андан кийин Кыргызстан, үчүнчүдө Өзбекстан андан кийин Түркмөнстан турат. 

Дүйнө жүзү боюнча эң тынч өлкө деп Исландия аталды.