Жаңылыктар
Өкмөт башчы аткезчиликти токтотуу чараларын көрүүнү тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы аткезчиликти токтотуу чараларын көрүүнү тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкө аймагына аткезчилик продукцияларды ташууга жол бербөө боюнча толук чараларды көрүүнү тапшырды.

«Аткезчилик продукцияны жана товарларды ташуудан биздин мыйзам сактап иштеген ишкерлерибиз зыян тартып жатышат, республикалык бюджетке бир кыйла акча каражаттарынын түшпөй калуусу байкалууда. Ошону менен бирге, бул ишке жооптуу айрым бир мамлекеттик органдар республикага аткезчилик ташууларды жоюу боюнча жетиштүү чараларды көрбөстөн, ачык эле «уктап жатышат» - деди өкмөт башчы. 

Бул маселеде коррупциялык көрүнүштөр жана түз кызматтык милдеттерин аткарууга шалаакы мамиле кылуу бар экендигин моюнга алуу керектигин айткан Премьер-министр, аткезчилик жүктөрдү ташуу маселесине чекит коюш үчүн биз көзөмөлдү катаалдатып, автоматташтырылган тутумду киргизүү боюнча тиешелүү чараларды күчөтөбүз, бул чек арада жүктөрдү, унааларды каттоо жана байкоону камсыздайт- деди.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери бул маселе боюнча жагдайды жөнгө салуу үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.