Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болуп жатканына байланыштуу калаанын айрым жерлеринде жол кыймылына чектөө киргизилүүдө. Буга байланыштуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы 13-15-июнь күндөрү учуп кете турган жүргүнчүлөрдөн үйдөн эртерээк чыгууну суранат.
"ШКУ саммити аягына чыккыча "Манас" аэропортунан "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына барчу жол маал-маалы менен жабылып турат. Андыктан каттамга кечигип калбаш үчүн жолго эртерээк чыгууңарды өтүнөбүз", — деп айтылат билдирүүдө.