Жаңылыктар
Нарындын тоолуу райондоруна кар жаашы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Нарындын тоолуу райондоруна кар жаашы күтүлөт

8-июндун 9-июнга караган түнү Ат-Башы районунун алыскы жайлоосу болгон Ак-Сай өрөөнүнө 10 см ден 25 см калыңдыкта кар түшүп, 9-10 июнь күндүзү кар ээрип, жер карарган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Айыл өкмөттөргө, райондук мамлекеттик администрацияларга жана ӨКМге Ак-Сай өрөөнүндө мал жандык кармап жаткан жарандардан кандайдыр бир жардамга муктаждык бар деген кайрылуулар болгон эмес. Ошол эле учурда кардын түшкөнү менен байланышкан жагдайлар зыяндарга алып келген эмес. Жол каттамы жабылган жок, адамдардын өмүрүнөзыян келтирилген эмес. Ак-Сай өрөөнүнүн жайлоосунда болжолдуу 50 түтүн кыштаган, учурда тиешелүү мал жандыктарын тиешелүү тоюттары бар. 

Кардын жаашы Нарын облусунун Сөң-Көл өрөөңүндө катталган. Күтүлүүчү туруксуз аба-ырайы боюнча маалыматтар, шашылыш эскертүүлөр калкка өз учурунда жеткирилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

13-16-июнь Нарын облусунда күтүлгөн туруксуз аба-ырайынын кесепетинен кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жайгашкан жайыттарда жаан карга айланышы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.