Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын карап, аны камакта калтырды. Муну менен мурдагы инстанциянын чечими өзгөртүлгөн жок.
5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.