Жаңылыктар
Тышкы иштер министри саммитке даярдыктар боюнча отчет берди
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы иштер министри саммитке даярдыктар боюнча отчет берди

Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алды.  

Анда Кыргызстанга  Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитине, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын жана Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визиттерине даярдыктын жүрүшү талкууланды.  

Мындан тышкары, Чыңгыз Айдарбеков Шанхай кызматташтык  уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин  кезектеги жыйынына даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчы бардык иш-чараларды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүүнүн маанисин белгиледи.