Жаңылыктар
Экс-мэрлердин айыптоочулары бирге козголгон ишти бөлүүнү талап кылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-мэрлердин айыптоочулары бирге козголгон ишти бөлүүнү талап кылышты

Бүгүн, 11-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму өтүп жатат. Жактоочулар жок болгондуктан процессти жылдыруу пландалып жаткандыгы кабарланды. 

Айыпталуучулардын тарапташтары ишти өзүнчө бөлүүнү талап кылышты.   Судья жарым саатка тыныгуу жарыялады. Сот Калыс-Ордо конушундагы мектептин имаратын  куруу иштерине байланыштуу Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго козголгон кылмыш ишин карап жатат. Ушундай эле кылмыш иши Албек Ибраимовго да козголгон.