Бул тууралуу жыл башында өлкө башчысы атайын буйрук чыгарган. Иш-чараны өткөрүүгө уюштуруу комитети түзүлүп, ушу тапта мааракени өткөрүү планы даярдалууда.
Советтик доордо Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматын 24 жылдан ашык аркалаган. Муну менен Советтер Союзунда эң узак бийликте турган жетекчи катары тарыхта калды.