Өлкө аймагында 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. Бул күндөрү жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр болуп, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды мал-жанына сак болууга чакырат.