Саналуу күндөрдөн кийин, тактап айтканда 13-14-июнь күндөрү Бишкекте Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги саммити башталат. Борбор калаада ушул тапта эл аралык деңгээлдеги иш-чарага карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө. Уюмга мүчө, байкоочу жана сүйлөшүү боюнча өнөктөш болгон 12 мамлекеттин башчылары Кыргызстанда чогулуп, Шанхай кызматташтык уюмунун бир жылда аткарган иштерине баа берилип жана мындан аркы кадамдар боюнча чечимдер кабыл алынат. Эки күн бою биздин өлкө дүйнөлүк саясаттын чордону болуп турмакчы.
Азыркы учурда Шанхай Кызматташтык Уюмуна сегиз мамлекет мүчө, ал Евразия аймагынын дээрлик жарымынан көбүн ээлеп, калкынын саны 3 млрддан ашты. Уюмдун негизги кызматташуу багыты коопсуздук. Борбордук Азияда, дегеле дүйнөдөгү башкы коркунучтар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөштөн сырткары эл аралык баңгизат жана киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү планы жарыяланган. Адистер акыркы беш жылда уюмдун ишмердүүлүгү кеңейип, аскер кызматташтыгы, биргелешкен чалгындоо жана терроризмге каршылык көрсөтүү жаатында эбегейсиз чоң иштер жасалганын белгилешет.