Дүйнө жүзүндө жаңы айти технологиялар, заманбап электрондук башкаруу системалары ишке кирип, бул тармак саат сайын өзгөрүп жаткан чакта Кыргызстан да мындай жаңылануулардан артта кала албайт. Санариптештирүүнүн негизги максаты- түрдүү мамлекеттик кызматтарды электрондук ыкмага өткөрүү менен жарандардын жашоосун жеңилдетип, ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөш негизги багыты болгондуктан, санарип жаатындагы реформа биздин өлкө үчүн да канчалык актуалдуу экенин айтпасак да түшүнүктүү.
Белгилүү болгондой, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түргө өткөрсөк, жарандарга кагаз түрүндө бериле турган маалымкаттардын саны кыскарат. Мамлекеттик мекемелер бири бири менен электрондук түрдө маалымат алмашып, жарандан талап кылына турган кагаздарды өзү иштеп жаткан компьютерден эле көрүп алууга мүмкүнчүлүгү болот. Мындан улам ар кандай бюрократиялык көрүнүштөргө бөгөт коюлуп, адам менен адамдын байланышы жоюлмак. Бул өз кезегинде паракорчулукту алдын алат.