Жаңылыктар
Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Казакстанда президенттик шайлоо өтүп жатат

9-июнда Казакстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү эртең менен саат 7:00дө башталып, кечки саат сегизге чейин уланарын билдирген. 

Президенттик орунга жети талапкер ат салышууда. Алардын арасында Нурсултан Назарбаевден кийин президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаев да бар. Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо.