Жаңылыктар
Милициянын ишинин сапатын арттыруу
Кыргызстан жаңылыктары
Милициянын ишинин сапатын арттыруу

Санариптешкен командалык борбор милициянын коомдук көзөмөлүн жана жол коопсуздугун сапаттуу деңгээлде камсыздоого шарт түзөт. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин санариптешкен командалык борборун даярдоону текшерип чыкканда билдирди. 

ИИМдин командалык борбору жол кырсыктарын азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык күнү-түнү видеобайкоо тутумун интеграциялоого өбөлгө түзөт. Борбордо адамдын жүзүн таануу тутуму киргизилмекчи. Ал бардык видеоагымды деталдуу талдап, алдынкы технологияларды колдонуу аркылуу коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди так аткаруу үчүн бардык ички иштер органдарынын ишин бирдиктүү координациялайт. Борбордо 102 – Кырдаалдык борбору иштеп, кызмат өтөө сапатына он-лайн мониторинг жүргүзүп, жарандардын өтүнмөлөрүнө ыкчам жооп кайтарат. 

Өкмөт башчы имараттын курулушун текшерип, оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди. Өкмөт башчы Санариптешкен командалык борборунун имаратын ишке берүүгө даярдоону, программалык-аппараттык жабдуулары иштеген коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо тутумун жөнгө салынган жана уюшкан интеграциялык камсыз кылуу аркылуу бардык зарыл техника менен жабдууну тапшырды.