Өзгөчө кырдаалдардан турак жайларды камсыздандыргандардын басымдуусу Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусунун тургундары. Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов билдиргендей, дал ушул аймактарда табият кырсыктарынын коркунучу жогору.
«Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамга ылайык жабыр тарткан жарандарга чыгымдын орду толтурулат. Негизинен өрттөн, катуу шамалдан жана жер алдындагы суулардын көтөрүлүшүнөн жабыркагандар компенсация алышат.