Айдоочулук күбөлүктөр жаңы үлгүдө даярдалат. Бул үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы тендер жарыялайт. Жаңы үлгүдөгү күбөлүк анын жасалмасын чыгарууга жол бербей турган технология менен даярдалат. Сапаты жакшырып, баасы да төмөндөтүлөрү күтүлүүдө.
Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү эл аралык стандартка ылайык даярдалат. Документтин көрүнүшү кандай болоорун тендерди уткан компания аныктайт.
Айдоочулардын буга чейинки алган күбөлүктөрү жарактуу бойдон кала берет. Он жылдык мөөнөт аяктаса гана жаңы үлгүдөгү документти алуу шарт. Долбоор күз айларында ишке ашат деп күтүлүүдө. Ага чейин кайрылгандарга убактылуу күбөлүктөр берилет.
Жаңы түзүлгөн “Унаа” ишканасы автоунааларды каттоо, кайра каттоо жана айдоочулар үчүн өткөрүлгөн сынакты көзөмөлдөө менен алек. Ага күбөлүк алуу үчүн келгендер жүздөп саналат.
Кыргызстанда жалпы өлкө боюнча айына орточо 12 миңдей айдоочулук күбөлүк берилет.