Жаңылыктар
Алматы-Ош аба каттамы ишке кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Алматы-Ош аба каттамы ишке кирди

7-июнда “Ош” эл аралык аэропортунда QAZAQ Air авиакомпаниясынын Алматы-Ош-Алматы рейсинин биринчи каттамы салтанаттуу түрдө кабыл алынды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

“Ош” аба майданы ушул мекемеге карайт. Учакта 64 жүргүнчү учуп келди. Жүргүнчүлөрүн алгандан кийин учак кайра Казакстандын Алматы шаарына учуп кетти. Аталган каттам аптасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү ишке ашырылып турат.