Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун аракеттерине баа берүү маселесин карайт. Бул тууралуу премьердин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.
Ал «өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги аткаминердин жана журналисттин айланасындагы бул инцидент бийликтин бардык аткаруу бутагына көлөкө түшүрүп жатканын» өкүнүү менен кабылдап жатканын белгиледи.
Ошондой эле, өкмөт башчы бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринен таза, ачык айкын иштөөнү талап кылаарын айтып, ошондо гана жарандардын бийлик өкүлдөрүнө болгон ишенимин көтөрө алабыз деди.