Жаңылыктар
Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү Э.Бекбердинов каза болду
Кыргызстан жаңылыктары
Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү Э.Бекбердинов каза болду

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын негиздөөчүсү жана «Бөрүлү» командасынын капитаны Эмил Бекбердинов көз жумду. Туугандарынын айтымында, ал жакында эле 45 жашка чыккан.

Э.Бекбердинов Чолпон-Ата шаарында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган турнирде «Тору-Айгыр» командасынын машыктыруучусу болгон.