Бишкек шаарынын айрым аймактарында 14-июнга чейин ысык суу жок болот. Мындай чектөөлөр «Газпром Кыргызстан» ЖЧК тарабынан жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу экенин бүгүн, 4-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ысык суу өчүрүлө турган аймактар:
- Патрис Лумумба №48-110;
- №110 бала бакча;
- Кустанай көчөсү №38, 40;
- Астрахань көчөсү №33;
- Красноводский жарым көчөсү №1А;
- Нарвская көчөсү;
- Профсоюзная көчөсү;
- Сельповская көчөсү;
- Жибек жолу №625.
«Бишкек жылуулук энерго» ишканасы 605 турак үйдү ысык суу менен камсыздайт. Коммуналдык ишкана жалпы 33 миң 189 адамга, 12 саламаттыкты сактоо мекемесине, 40 мектепке, 14 бала бакчага, 8 жогорку окуу жайга, 25 бюджеттик мекемеге жана 212 ар кандай колдонуучуларга кызмат көрсөтөт. Аталган ишкана борбор шаардын батыш бөлүгүндөгү абоненттерди тейлейт.