Жаңылыктар
Сокулук: Айтматов атындагы мектептин чуусу басылды
Кыргызстан жаңылыктары
Сокулук: Айтматов атындагы мектептин чуусу басылды

Сокулук районунун Новопавловка айылындагы, Чыңгыз Айтматов атындагы мектепте жаңыча иштер башталды. Буга чейин ата-энелер мурдагы директордун иштешине каршы болуп, мектептеги бир топ мыйзамсыз иштерди ачыктап чыгышкан эле. 

Айта кетсек, мурдагы аптада билим берүү министрлиги аталган мектепке жаңы директорду бекиткен. Кыргызстандагы эң чоң деп саналган мектептин ажаткана маселеси чечилбей келет. Мектепте 4 жарым миң окуучу билим алганы менен, имараттын ичинде ажаткана курулган эмес. Өзгөчө кыштын күнү тыныгуу учурунда балдар сыртка чыгууга аргасыз болсо, жайкысын алыстан эле жагымсыз жыт мурунду жарат. 

Анан калса ажаткананын кол жууй турган жери жок. Мындай санитардык шарттарга каршы келген жагдайга ата-энелер бир нече жолу нааразы болуп даттанышкан. Бул мектептин ажатканасы тууралуу маселе бир канча жылдан бери созулуп келет. Бирок айыл өкмөтү жагдайды жакында гана билген. Буюрса жаңы окуу жылы башталганчакты ажаткана маселеси биротоло чечилмей болду. 

Буга чейин ата-энелер тарабынан мектептеги фондго деп чогултулган акча маселеси жана ижарага берилип жаткан спорт зал менен мектептин имараты тууралуу нааразычылыктар бир нече ирээт көтөрүлгөнүн айта кетели. Жаңы жетекчилик болсо, акырындык менен мунун баарын укуктук жана мыйзамдуу жагын караштырып, бир чечимге келебиз деп убадалады. Негизи мектеп чоң деп саналганы менен 1 жарым миң окуучуга гана ылайыкташкан. Ошондо бул жерде учурда 3 эсеге көп окуучу билим алып жатат. Ушул тапта мектепке кошумча имарат салуу жагы да пландалууда.

“Эгер өкмөт тараптан бул жерге мектеп салууга бюджеттен каражат бөлүнүп, уруксат берилсе, биз ишти баштоого даярбыз. Бирок бул жерге мурда 700 орундук мектеп салуу боюнча талкуу жүрүп, бирок жер жетиштүү эмес болгондуктан 500 орундук курса болот деген сөз болгон. Эми кандай чечсе да биз даярбыз”.

Кошумчалай кетсек, мектептин жаңы директору баштап жаткан жакшы иштер менен катар эле, мугалимдер жамаатынын да өтө ынтымактуу экендигин кабарлады. Акыркы коңгуроо чуулуу кырдаалда өткөнү менен, ушул тапта мамлекеттик экзамендер тынч абалда өтүп жатат.