Жаңылыктар
Бишкекте коррупцияга каршы тынч митинг өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте коррупцияга каршы тынч митинг өтүүдө

Бишкектеги ак үйдүн алдында «Коррупцияга каршы чыныгы күрөш үчүн» деген ураан менен тынч митинги өтүүдө. Митингге Рита Карасартова баш болгон жарандык активисттер, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жарандык активист, «Социалдык изилдөөлөр институту» уюмунун жетекчиси Рита Карасартова "Азаттыкка" билдиргендей, мэрияга эки саатка созула турган митингди 3-июнда өткөрүү пландалып жаткандыгы тууралуу билдирүү жөнөтүшкөн.

Рита Карасартова буга чейин окурмандарга кайрылып, «Фейсбуктагы» жеке баракчасына төмөнкүдөй суроолорду калтырган: «Азыр биз чечкиндүү кадамга барбасак, эч нерсе оңолбойт окшойт. Сизди азыркы коррупция менен күрөш канааттандырабы? УКМКнын иши канааттандырабы? Миллиондор бюджетке түшпөй жатканы, ошол маселеге бийлик кош көңүл болуп, күрөш саясий багытка оогону сизди канааттандырабы?».