Радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө уруксат берилбейт. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, мыйзамдык жөнгө салууга чейин, Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 2-майындагы «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн радиоактивдүү элементтерди геологиялык изилдөө жана иштетүү максатында берилген лицензиялык аянттарда иш жүргүзүүгө тыюу салынды.
Радиоактивдүү элементтердин (уран) калдык сактоочу жайларын жана кен калдыктарын рекультивациялоо боюнча иштерге тыюу салынбайт.