Балдарды коргоонун эл аралык майрамына карата Бишкек шаарындагы сейил бактардагы ойноочу жайлар текшерилди.
Бул ойноочу жайлар негизи 15 гана жыл пайдаланылышы керек. Мөөнөтү бүткөндөн кийин жарактан чыгарылып жок кылынат. Көпчүлүгү 2010-жылдан кийин жаңыртылган. Арасында 2005-жылкы эскилери да бар, бирок абалы дурус дейт сейил бактын жетекчиси.
Адамдардын өздөрүнүн этиятсыздыгынан болгон учурлар коп эле катталат. Бирок техникалык жактан кырсыктар болгон эмес. Ар бир аттракцион сактык жактан камсыздандырылган экен.
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлеринин айткандарына караганда, ар бир эле сейил бактан олуттуу болбосо да майда-чүйдө кемчиликтер чыгып турат.
Негизи сейил бактарды текшерүүгө убактылуу тыюу салынган. Бирок балдардын эл аралык майрамында жаш бобоктордун конулдуу ойдогудай эс алуусун шарттоо максатында Бишкек шаарынын мэриясы оздору билек туруп , калаа башчысы Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен сейил бактардагы ойноочу жайлардын абалы текшерилди.