Жаңылыктар
Бишкек - Кара-Балта жолун калыбына келтирүү иши кечеңдөөдө
Кыргызстан жаңылыктары
 Бишкек - Кара-Балта жолун калыбына келтирүү иши кечеңдөөдө

Жаанчыл аба ырайына байланыштуу Бишкек - Кара-Балта жолун калыбына келтирүү иши өз мөөнөтүнөн кечеңдеп жатат. Ага карабай жол куруучулар 2020-жылдын соңу менен толук пайдаланууга бериле турган курулуш иштерин бүткөрөбүз деп убада кылууда.

Жолдун көпчүлүк бөлүгү талкаланып, Союз мезгилинен бери жаңыртылбаган Бишкек - Кара-Балта жолун калыбына келтирүү иши эки жыл мурда башталган. Бирок трасса аркылуу өтө турган арыктарды салып, көпүрөлөрдү куруп, жолго чейин чыгып кеткен үйлөрдү алуу иштери эле бир жылдай убакытты талап кылды.

Эрежеге ылайык, бул жолго алгач 9 см чейинки калыңдыктагы майдаланган таш, анын үстүнөн 14 см калыңдыктагы эки катмардуу асфальт жаткырылат.

Быйыл бул трассанын 25 чакырымына асфальт төшөлөт дагы, 2020-жылы курулуш иштери толугу менен бүткөрүлүшү керек. Ушул тапта Бишкек - Кара-Балта жолунун курулуш иштери 20 пайызга аяктап калды.

Мындан сырткары жол куруу долбоорунун алкагында көпүрөлөрдүн оңдолушу, кичи жасалма курулмалар, аялдамалар жана жөө адамдар өтүүчү тротуарларды куруу каралган.