Башкы прокуратура беш жылга соттолгон Дамир Мусакеев 2016-2017-жылдары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгын жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып, барган кадамдары тууралуу түшүндүрмө таратты. Билдирүүдө Мусакеев кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө “Турак жай” кодексин одоно бузуп, анын айынан 18 кызматкерге үй тийбей калганы айтылат.
Дамир Мусакеев УКМКнын Күзөт кызматын башкарып турганда кызматкерлерге үй берүүдө кийлигишип, мыйзам бузууларга барганы тууралуу Башкы көзөмөл орган Мусакеевди мындай аракети менен мамлекеттин кадыр-баркына көлөкө түшүрүп, жарандардын калыстыкка болгон ишенимин жоготкон деп айыптоодо. Бул фактылар жабыркагандардын арызынын негизинде кызматтык териштирүүдө аныкталган.
2018-жылдын 27-ноябрында Аскер прокуратурасы тарабынан “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөр жүргөн. Тергөөнүн жыйынтыгында Аскер прокуратурасы Мусакеевге кылмышка шектүү катары каралып жатканын маалымдаган. Ошондой эле, Биринчи май райондук соту Мусакеевдин бөгөт чарасын карап, ага белгиленген аймактан чыкпоо тууралуу шарт коюлган. 24-майда Бишкектин Свердлов райондук соту Мусакеевди кызматтык батирлерди мыйзамсыз бөлүштүргөн деген негизде беш жылга эркинен ажыратып, ал сот залынан камакка алынган. Дамир Мусакеевге дагы бир “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анда Мусакеевдин, анын ата-энесинин жана жакындарынын мүлкү тапкан кирешесинен көп экени айтылат.