Балдар тарбияланган мындай мекемелердин автоматташтырылган маалыматтык-талдоо тутуму аркылуу иретке келтирилет. Ал аркылуу интернатта тарбияланып жаткан баланын так саны аныкталат жана ар бир бала тууралуу маалыматтарга он-лайн байкоо салууга болот. Электрондук тутум интернаттардагы корруциялык көрүнүштөрдү жоюуга да шарт түзөт. Ал эми жалпысынан маалыматтык-талдоо тутуму - бул интернат тибиндеги балдар мекемелерин реформалоонун баштапкы баскычы.
Өлкө боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелеринин саны 143. Ал эми жетим балдардын саны 12 миңден ашык. Иликтөө иштеринен кийин жетим балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдардын 5 пайызы гана томолой жетим болуп чыккан, калган 95% баланын атасы же энеси бар. Эми интернаттык мекемелердин автоматташтырылган маалыматтык-талдоо тутуму аркылуу балдар мекемелеринин ишмердүүлүгү ачык болот. Бул жумуштар Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Башкы мүдөө ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө чоңоюп, тарбияланышына жетишүү экенин белгилеген өлкө башчысы балдар үйлөрүн реформалоо зарылдыгын белгилеген. Бул максатта интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумуш тобу түзүлгөн.
Автоматташтырылган маалыматтык-талдоо тутумун биринчилерден болуп колдоно баштаган мекемелердин бири Бишкектеги балдар жана үй-бүлөнү реабилитациялоонун адистештирилген борбору. Ал үчүн атайын кызматкерлер да окутулган. Борборго келип жаткан балдар тууралуу электрондук базага киргизилген маалыматтарды Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги түз байкоо салып турат.
Эксперттик жумуш тобунун мүчөлөрү балдардын үй-бүлөнүн курчоосунда укуктарын коргоо, балдар интернаттарын реформалоо, балдарды бага ала турган үй-бүлөлөрдү тандоо өңдүү бир катар жумуштарды алып барышат. Интернаттардагы балдардын санын азайтуу үчүн алдын-ала чараларды көрүү керек. Анын бири социалдык кызматты киргизүү. Былтыртан бери жумуш тобунун мүчөлөрү бул маселени ийгиликтүү жөнгө салган мамлекеттердин тажрыйбасына баам салууда. 12-нен 18-майга чейин Кыргызстандын адистеринен турган топ жумуш сапар менен Молдовада болуп, интернат тибиндеги балдар мекемелери тутумун реформалоо боюнча тажрыйбасын көрүп келишти.