Чүйдүн Новопавловка айылындагы мектептин айланасындагы чыр бир нече айдан бери басылбай келет. Ата-энелер буга чейин фондго акча чогултууга каршы чыгып, мектептин администрациясын жемкорлукка шектүү дешсе, бул ирет мектептин имараты ижарага берилип жаткандыгын кабарлашты. Мектептин имаратын батир кылып жашап жаткандар бир эле үй-бүлө эмес. Биз барган мезгилде бек болгондуктанбы же эшиктерин ачкылары келген жокпу, башка батирлердин ичине кирип тартууга мүмкүн болгон жок. Бирок бул жерде бир нече ижарачылар жашай тургандыгын ата-энелер тастыкташты.
Биздин чыгармачыл топ иштеп жаткан учурда, мектептин завучу дешкен көк көйнөкчөн мугалим баарына байкоо салып турган. Бирок мамлекеттик болуп эсептелинген мектеп имаратынын ижарага берилиши канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин билүү максатында суроо узатканыбызда артын карабай качып, маалымат берүүдөн баш тартты. Окуу жайдын администрациясы менен жолугуу максатында мектептин башкы кире беришине бардык. Бирок бул жерден да күзөт кызматы бизди киргизген жок. Качан гана биз билим берүү министрлиги менен байланышып, абалды түшүндүргөн соң, мектептегилер кепке келишти. Ал эми Новопавловка айыл өкмөтүнүн буга жообу таптакыр башкача. Мектеп мамлекеттин карамагында болгондон кийин анын кайсы бир имаратын ижарага берүүгө мыйзам жол бербейт. Новопавловкадагы мектеп чыры мындан 3-4 ай мурда эле башталган. Андагы окуучулардын ата-энелери нааразы болушуп бир нече жолу маалымат жыйынга чогулуп, митинг да өткөрүшкөн. Анын бир эле себеби мектеп администрациясы таза иш алып барбайт.
Мындай тынчсыздануудан кийин активдүү ата-энелердин үйүнө барып белгисиз адамдар тарабынан ар кандай коркутуулар болуп жатканын айтышат ата-энелер. Чубактын кунундай чубалган чуулгандуу иш боюнча Сокулук райондук прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүздү. Анын жыйынтыгында бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Кезегинде билим берүү министрлиги тарабынан да атайын комиссия түзүлүп, мектептин жүргүзгөн иши боюнча иликтөө иштерин жүргүзгөн. Натыйжада убактылуу кызматынан четтетилген мектеп директору, биротоло кызматтан четтетилсин деген чечим кабыл алынды. Дал ушундай окуялар менен катарлаш эле мектеп быйылкы окуу жылын жыйынтады. Эми мамлекеттик экзамендердин аякташы менен райондук билим берүү бөлүмү мектепке жаңы жетекчини дайындашы керек.