Жаңылыктар
ЕАЭБ: лабораториялардын абалы
Кыргызстан жаңылыктары
ЕАЭБ: лабораториялардын абалы

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болоордун астында, лабораторияларын эл аралык талапка шайкеш келтирип, ЕАЭБ талаптарына ылайыкташууга катуу аракет көргөн. Өлкөнүн фитосанитардык, ветеринардык лабораториялары 2016-жылдын февраль-март айларында эле толугу менен заманбап текшерүү жайына айланган. Ушул тапта алар кандайча иш алып барууда, ЕАЭБге кошулганы Кыргызстан кандай пайда тапты? ЕАЭБдин талаптарына ылайык, курулган бул лаборатория өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын сырткы рынокко чыгаруу үчүн тастыктоого шарт түзөт. Учурда бул жерде эт, сүт, жумуртка, балык жана балдын түрү жана башка продукциялар текшерилет.

Эгер ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгара турган болсо, башка мамлекеттер атайын сертификатын талап кылат. Экспортко түздөн түз керек документтердин бири да ушул жерден даярдалат. Мунун баары техрегламентте көргөзүлгөн. Мындай ЕАЭБдин талаптарына жооп берген улуттук макамдагы эки лаборотория Бишкекте жана Ошто ачылды. Мурдагы 28 лаборатория оптимизацияланып, жаңырып, 19 жаңы лаборатория курулду. Натыйжада ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ветеринардык тармактары менен Кыргыстандын ветеринариясы тең укуктуулукка жетишти. Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 70 пайызы Орусия менен Казакстанга экспорттолот. Биримдикке киргенден бери эскпорт 50 пайызга жогорулаган. Кошумчалай кетсек, Кыргызстан ЕАЭБге киргенден бери атайын комиссия ветеринардык тутумду үч ирет текшерген. Өлкө акыркы жолкусунда гана интеграциялык бирикмеге кирген өнөктөштөрдүн жакшы баасына татый алган.