Жаңылыктар
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты жаңыланды
Кыргызстан жаңылыктары
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын имараты жаңыланды

Маданий жайдын абалы менен Президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Фойе менен сахна жаңыланып, жарык жана үн берүү системалары, жылытуу тутуму, арттисттердин бөлмөлөрү оңдоп-түзөлдү. Эми Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театры да капиталдык оңдоодон өтөт. Узак жылдардан бери каралбай келген маданий имараттардын бардыгын жакшыртуу максат кылынууда. 

Имараттын оңдолгону сыртынан эле байкалып турат. Мраморду жууп тазалап, агартууга аз эмес убакыт сарпталган. 2007-жылдагы айрым оңдоо иштерин эске албаганда Улуттук макамдагы маданий жай алгачкы жолу толугу менен жаңыланды. Аткарылган иштер менен Президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Фойе менен сахна реставрацияланып, жарык жана үн берүү тутуму да жакшырды. Салтанаттуу иш-чара учурунда көрүүчүлөргө ыңгайлуу шарт болушу да эске алынган. Орундуктар менен шамчырактар эми талапка толук жооп берет. 

Курулуш ишканасын аныктоо, документке байланышкан иштерди эске албаганда имаратты оңдоп-түзөө 1 жарым айда жасалды. Сахнанын эки тарабында боз үйдөн жасалган кенен бөлмөлөр бар. Кийим которо турган мындай жасалга зарыл экени айрыкча чет элдик артисттер катышкан концерттерде байкалчу. Өнөрдү аздектеген адамдарга талаптагыдай шарт түзүлүшү керек. Гримдөөчү 16 бөлмөнүн бары оңдолду.  Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин катышуучулары жаңыланган маданий жайдын алгачкы меймандарынан болот. Ал күнү дал ушул жерде концерт уюштурулаары күтүлүүдө. Улуттук филармонияны жаңылоо маданиятка маани берүүнүн үзүрү. Капиталдык оңдоодон кийинки көрүнүш көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырбайт деген ишеним бар. 

Мамлекет башчысы филармониянын айланасын да көрдү. Оңдоо жана көрктөндүрүү иштери менен шаар мэри тааныштырды. Курулуштар аяктоо алдында турат. Улуттук филармония сыяктуу эле театрлар да жаңыланганы турат. Мамлекет башчысы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры менен Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылган мамлекеттик орус драма театрынын кейиштүү абалын көргөн. Быйыл бул имараттар менен бирге Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры да капиталдык оңдоодон өтөт. Маданияттын очогу катары саналган негизги төрт имаратты оңдоо быйылкыга гана пландалган иштер. Келээрки жылдары башка театрлар да жаңыланат. Бара-бара облустук, райондук маданий жайларга да кезек келет деп күтүлүүдө.