Жаңылыктар
Аймактар үчүн таза суу
Кыргызстан жаңылыктары
Аймактар үчүн таза суу

Акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда калкты таза суу менен камсыздоо- Улуттук деңгээлдеги маселелердин бири болуп калды. Суу өмүр булагы демекчи- ичүүчү таза суусуз ден соолугу бекем коомду, адамдын сергек жашоосун элестетүү мүмкүн эмес.

Жогоруда айтып кеткендей, мындай көйгөй Кыргызстанда негизгилерден болуп саналат. Өлкө аймагы боюнча 1800дөн ашык айыл болсо, анын 600ү таза суу менен толук кандуу камсыз боло элек. Андай калктуу конуштарда жергиликтүү тургундар сууну арыктан, дайралардан же эски союздан калган суу колонкаларынан ташып ичишет. Мына ушундай жагдайлар ар кандай инфекциялык жана аш казан ооруларынын өзөгү болууда. Буга далил- саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык жыл сайын өлкөдө 30 миӊге жакын ичеги-карын оорулары катталат.

Таза суу көйгөйүнөн келип чыккан маселелер ушул аптада “Аймактар үчүн таза суу” форумунда талкууланды. Президент Сооронбай Жээнбеков анда жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандын бардык айылдары ичүүчү таза суу менен камсыз болорун белгиледи. Айтымында, Улуттук стратегияда таза суу маселеси приоритетүү тармактардын бири болуп аныкталган. Андыктан ар бир айылды суу менен камсыздоо өлкө башчысынын жеке көзөмөлүндө болмокчу.

Айтмакчы, буга чейин, Кыргызстанда 10 жылдан ашык өлкө аймактарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча “Таза суу” долбоору иштеген. Бирок, анда эл аралык донорлордон келген каражаттардын басымдуу бөлүгү “желип” кетип, долбоор соңуна чыкпай калган. Миллиондогон каражаттар максаттуу пайдаланылбай, курулган курумлар сапатсыз болуп, кыска мөөнөттүн ичинде кайра иштен чыга баштаганда, эл аралык каржы институттары каржылоону токтотуп койгон.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоору эки жыл мурун кайрадан жанданып, азыркы учурда эл аралык банктар менен 200 млн еврого эсептелген келишимдерге кол коюлган. Мындан сырткары таза сууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүү аракети бар, былтыр ал 250 млн сомду түзсө, эми бул сумманы 500 млн сомго чейин жогорулатуу пландалууда. 2018-жылдын жыйынтыгын карай турган болсок, былтыр өлкө аймагындагы 45 айыл таза суу менен камсыз болгон. Алардын айрымдарына биздин кабарчылар барып, таза суу көйгөйүнөн арылган элеттиктерди көрүп келишти.