Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери, Ысык-Көлдөгү балыкты коргоо жана көл ичин кытайдын балык кармаган торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Буга Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун егерлери тартылып, күнүнө жүзгө жакын торлорду тазалоо милдети коюлган. Кызматкерлердин билдирүүсүндө көл ичине эң көп торлор Түп районундагы айрым участокторго салынган. Айрым торлор учурунда алынбай калгандыктан көл ичине чирип, экологияга чоң зыянын тийгизүүдө.
Себеби Кытай торлорунун курамында коргошун уу заттары бар. Мындан сырткары торлорго балык, жапайы өрдөк жана башка жандыктар дагы түшүп калып, табият зыянга учурап жатат. Кызматкерлердин күчөтүлгөн рейд иштери май айынын аягына чейин уланат.