Саамалык 10-май күнү мунайды кайра иштетүүчү жайда чыккан өрттү өчүрүүдө профессионалдык эмгегин көрсөткөн куткаруучулардын урматына уюшулду. Сыйлоого Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов катышып, куткаруучулар менен өрт өчүрүүчүлөргө эр жүрөктүүлүк, тайманбастык жана тактык менен тилсиз жоону баскан аракети үчүн ыраазычылык айтты.
Жалпы 59 кызматкер министрликтин төш белгиси жана сыйбарактарына ээ болду. Белгилеп кетсек, 10-май күнү Жалал-Абад шаарындагы жеке менчик мунай базасында өрт чыгып, аны өчүрүү жумуштары 10 саатка созулуп кеткен. Тилсиз жоо менен күрөшүүдө ал күну 182 өрт өчүргүч кызматкер иштеген.