Жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында абалы начар тротуарлар оңдоло баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад шаарында абалы начар тротуарлар оңдоло баштады

Ленин көчөсүнүн чыгыш тарабындагы тротуар заманбап болуп кайрадан курулду. Буга чейин тротуардын абалы начар болуп, жаан-чачын учурунда жөө адамдардын жүрүшүнө ыңгайсыздык жаратып келген. 

Мындан сырткары, калаадагы союз учурунан бери каралбай калган тротуарлар кеңейтилип, жаңы асфальт төшөлөт. Шаардык мэрия жыл аягына чейин 6 көчөнүн тротуарын оңдоп-түздөйт. Анын узуну 2 чакырымга жетет. Бюджеттен ал үчүн 6 жарым милион сом каралган.