Жалал-Абад шаарынын көркүнө көрк кошуу максатында, калаадагы көп кабатуу турак үйлөрдү актап-сырдоо иштери жүрүп жатат. Кезеги менен кетип жаткан сырдоо иштери Достук аймактык башкаруусунун Курманбек көчөсүндө жайгашкан үйлөрдө жүрүүдө.
Актап-сырдоо иштерин көп кабаттуу турак үйлөрдүн жашоочулары демилге катары көтөрүп, шаар бийлиги колдоого алган. Сырдаганга жумшала турган каражаттын 30 пайызын шаардык бюджеттен камсыздоодо. Жалал-Абад шаарында 200дөн ашуун көп кабатуу турак үй бар. Көпчүлүк үйлөр 1950-60-жылдары салынгандыктан, алардын сырткы келбети начар абалга келип калган.