Жаңылыктар
Каракол шаарынын көчөлөрү оңдолууда
Кыргызстан жаңылыктары
Каракол шаарынын көчөлөрү оңдолууда

Каракол шаарынын Шапак баатыр көчөсүнө асфальт төшөлүп жатат деп билдиришти мэриядан. Маалыматка караганда, ал үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөн. Учурда жолду кеңейтүү, суу тартуу иштери жасалууда.

Долбоор боюнча жолдун эки четине тротуар жасалып, жашылдандыруу каралган.

«Жолду жасоо бир кыйла эмгекти жана убакытты талап кылууда. Себеби кызыл чектен чыгып кеткен курулуштар, ага улай көп жылдан берки бактарды алуу кыйынчылык жаратууда. Учурда 620 метр жолго асфальт төшөлдү, жол 3 айда толугу менен асфальтталат», - дейт «Жолчу» ишканасынын прорабы Бакыт Кожомкулов.