Жаңылыктар
Ноокаттагы 22 миңдей калкы бар Кыргыз-Ата айыл аймагына таза суу тартылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокаттагы 22 миңдей калкы бар Кыргыз-Ата айыл аймагына таза суу тартылууда

Өткөн жылы Ош облусу боюнча, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо иши 48 объектиде жүргөн. Мунун ону мамлекеттик бюджеттен каржыланган.  Ишке ашырылган ири долбоордун бири Кыргыз-Ата айыл аймагында жүргөн.



Ичүүчү таза суунун кадырын, Кыргыз-Аталыктар жон териси менен сезгендерден. Дайра, каналдардан суу ташып ичкен тоолуктарда таза суу тартыштыгы айрыкча, күндүн суук учурларында түйшүк жаратчу. Азыр, суу куурлары көчө бойлоруна гана эмес, ар бир короого тартылып жатат. Таза суунун болгондо да үйдүн ичинде- ашканадан чыгаарын Апипа Турсуналиева сындуу үй кожойкелери көптөн күткөн. Көп балалуу эне, эми заманбап тиричилик техникаларын алууга камынып жатканын айтат.

Мындай шарт майдын соңуна чейин бир эле Кыргыз-Аталыктарда эмес, коңшулаш төрт айылдын элинде түзүлөөрү күтүлүп жатат. Дээрлик 30 жылдай ичүүчү таза сууга чаңкап келген Борко, Көтөрмө, Ак-Булак айылдарына таза суу жеткирүү аракети кызуу жүрүүдө.

Долбоор 97 пайызга жыйынтыкталды. Аймакта жалпы 3200 үй бар. Аймакка таза суунун тартылышы менен жаңы жумушчу оруну да ачылды. Айыл өкмөттүн жеке “Кыргыз-Ата Булагы ” муниципалдык ишканасы түптөлдү. Суу толук берилгенден тартып, ар бир үйгө суу эсептегичтери орнотулат. Муну менен, элеттиктердин таза сууну үнөмдүү пайдалануусуна жол салынат.