Шанхай Кызматташтык Уюмунун курамындагы мамлекет башчыларынын жыйынына бир айга жетпеген убакыт калды. Кыргызстан үчүн өтө маанилүү болгон иш-чарага жогорку деңгээлдеги даярдык зарыл. Буга чейин саммиттин алкагында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алдыда болсо ага байланышкан дагы бир иш-чара медиа форум өткөнү турат.
Медиа форумга Индия менен Пакистандык делегаттар алгачкылардан болуп келишти. Кыргыздын салтка айланган сыйы меймандар келээри менен башталып, нан жана каймак менен тосуп алышты.Негизинен иш чарага баардыгы болуп ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы маалымат каражаттары жана медиа серепчилери чакырылган.
Буга удаалаш эле шаардык жана муниципалдык мекемелер өздөрүнө тиешелүү даярдыктар менен алек болушууда. Ордо калаанын кире бериши улуттук колориттеги жасалгалар менен кооздолуп, металлдан жасалган оймолор коюлууда.
Саммиттин шылтоосу менен аэропорттон келаткан жолдогу жарык берүү да жаңырууда. Заманбап шам чырактар менен кошо атайын көрк бере турган кооздуктар илинет.
Ошол эле учурда бул трассадан жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатканын көрүүгө болот. Кортеждердин өтүүсүнө ыңгайлуу болуш үчүн, жолдун туурасы кеңейтилүүдө.
Айта кетсек, быйыл ШКУга Кыргызстан төрагалык кылат. Ушул күндөрү уюмдун курамындагы мамлекеттердин кызматташтыгына арналган иш-чаралардан Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны, ШКУ га мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер жана маданият министрлеринин жыйыны ошондой эле аялдардын форуму өттү. Бул иш чаралардын баарын Ысык-Көлдөгү сегизинчи эл аралык марафон баштап берди. Анда эң узак аралык болгон 42 чакырымды багындырган кыргызстандыктар болгонун белгилей кетели. Эркектер арасында Адилет Кыштакбеков, аялдар арасында Дарья Маслова марага биринчи келген.