Тоң районунун жогорку өрөнүндө он сегиз чакырым жол орто деңгээлдеги оңдоо иштеринен өтүп жатат. Ал үчүн донор уюмдардын жардамы менен он беш тонна солярка бөлүнүп берилген. Жол оңдо иштери аймактагы №33 жол тейлөө ишканасы тарабынан ишке ашууда.
Белгилей кетсек, быйылкы жылы жалпы Тоң району боюнча алты чакырым жол капиталдык ремонттон өтөт. Булардын үч чакырымдан ашыгында буга чейин бир да жолу ремонт иштери жүргүзүлгөн эмес. Мындан сырткары, туристтер көп каттаган Туз-Көл жана башка туристтик маршруттар боюнча он беш чакырым жол орто деңгээлдеги оңдоп-түзөөдөн өтөт.
"Биз белгиленген 15 чакырым жолду эмес, ашыгы менен 17,5 чакырымды орто эмес утурумдук кылып ремонттоп алдык. Биз тараптан толук техникалар чыкты. Ал эми ушул жумуштардын жүрүшүнө райондогу айыл өкмөттөрү техникаларын бөлүп берди",- деди №33 Жол тейлөө мекемесинин жетекчиси Ыйманбек Дыйканов.
"Биз Тараптан Туз-Көл боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Биз донор уюмдар тарабынан бөлүнгөн күйүүчү майдын үч жүз литрин алып калганбыз. Туз-Көлдүн жолу быйылкы жылы жасалат",- дейт Тоң районунун акими Данияр Арпачиев.