Орус тилинин расмий деген статусу кыргызстандык мигранттар үчүн Россияда таксист жана жүк ташуучу унаа айдоочусу болуп иштөөгө кандай жардамын тийгизүүдө? Эске сала кетсек, эки жыл мурда Россиянын президенти кыргыз айдоочулук күбөлүгүн кабыл алуу боюнча Мамлекеттик думанын сунушун жактырып берген.
Мекендешибиз Марат Исаев өзүнүн негизги ишинен бошогон кездери, таксист болуп да иштей калат. Ал бул жакка келгенден берки 10 жыл убакыт аралыгында бир топ нерсени көргөнүн жашырбайт. Кардарлар ар кандай болот эмеспи. Бири төлөөгө келгенде акча бергиси келбесе, кээ бирөө жөн эле жерден уруш чыгарат. Бирок, көпчүлүгү жакшы мамиле кылса, айрымдары өтө берешен дейт ал.
Анын айтымында, башка улуттун өкүлдөрү кыргыз жарандарына түзүлгөн шарттарга суктанышканын жашырышпайт. Мисалы, айтсак Россияныкы менен бирдей укукта болгон кыргыз айдоочулук күбөлүгү. Башка кошуна өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрүнө бул жерде пайдаланууга тыюу салынганына байланыштуу, көптөгөн айдоочулар жумушунан айрылган. Айта кетчү нерсе, автоунааны жакшы айдап үйрөнбөй эле же тилди жакшы билбей туруп таксист болуп иштеп алгандар жок эместигин кошумчалады.
Марат учурда Москванын мамлекеттик эл аралык институтунда билим алууда. Жакында эле ал көптөн күткөн перзенттүү да болгон. Кыргыз жарандары үчүн жеңилдиктер көп эле. Болгону эле туура пайдалануу талап кылынат дейт ал.
Мекендешибиздин мындай пикирине кесиптеши Толкунбай Акматов да кошулат. Анын Москва шаарында жашаганына 20 жылдын жүзү болуптур. Ал жүк ташычу унаасы менен дүкөндөргө түрдүү азыктарды ташып жеткирип иштейт. Балдарына ушул жерден билим берип, жарандык да алган. Өмүрлүк жары пенсияга чыкса эле, туулган жерге кайтарын айтат.
Толкунбай Акматовду ойлондурган нерсе - көпчүлүк жаштардын тиешелүү билими же иш тажрыйбасы жок эле, "акча табам" деп келип алганы болууда. Мындай жаштардын көбү чөнтөгүндө бир аз тыйын пайда болсо эле, түрдүү азгырыктарга берилип кетип жатканын жашырбайт. Каарманыбыз мекендештерибиздин түрлүү маселелерине кайдыгер эмес. Атайын жолугушууларда болгон, көргөн нерселерин жаап жашырбай эле айтып берерин кошумчалады.
Толкунбай Акматовдун айтымында, мекенине инвестиция тартып, туулуп өскөн айылдарына жардам берип жаткандар аз эмес. Айта кетчү нерсе, биз менен маектешкен мекендештердин басымдуу бөлүгү келечегин бир гана Кыргызстан менен байланыштырарын айтат. Экономиканын жогорулашына салым кошуп, иш орундарын түзүп, колунан иш, акылынан пайда келип турган жаштар өз өлкөсүндө калып эмгектенсе деген үмүт тилектери бар.