Жаңылыктар
Мигранттар каражаттарын кайсы тармакка жумшоосу зарыл?
Кыргызстан жаңылыктары
Мигранттар каражаттарын кайсы тармакка жумшоосу зарыл?

Москва шаарында өкмөттүн Ысык-Көл, Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары менен диаспора жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жолугушту. Алар эмгек мигранттар каражаттарын кайсы тармакка жумшоосу зарыл экендиги тууралуу пикир алышты. 

Ошондой эле, район, алыскы айылдарда калктын социалдык муктаждыгын камсыздай турган фонддорду түзүп, өнүктүрүү тууралуу жаңы идеялар айтылды. Бул максатта диаспоралардын өкүлдөрү орто жана кичи ишкердикти колдоого даяр экенин билдирди. Ал үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан кандай шарттар түзүлөрү дагы кызыктырбай койгон жок.