Жаңылыктар
Өкмөт ипотека үчүн акча бөлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт ипотека үчүн акча бөлдү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 млн сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул туурасында «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасын ишке ашыруу боюнча кеңешмеде белгилүү болду. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ипотекалык программа ишке киргенден тартып, өкмөт тарабынан аны каржылоого 4,8 млрд сомдон ашуун акча бөлүнгөн. Ипотекалык насыя боюнча пайыздык үстөктөр бул мезгилде 12-14%дан 7-9%га чейин төмөндөгөн. 

«Бүгүн биз ипотекалык насыяны каржылоого 500 млн сом бөлүп жатабыз. Өкмөт биздин жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо боюнча күч-аракеттерди дайыма колдоп келет жана муну өз ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары карайт. Бирок мүмкүнчүлүктөрдү жана калкты камтууну кеңейтүү үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания бюджеттен тышкары кошумча ресурстарды тартуунун натыйжалуу механизмдерин киргизиши зарыл. Миңдеген биздин жарандар турак жай алуу жана үй шарттарын жакшыртуу үчүн өз кезегин күтүп жатышат. Биз ипотеканы жарандарыбыз үчүн мындан да жеткиликтүү жана пайдалуу кылууга тийишпиз. Себеби алар али да кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6% чейин кыскартуу тапшырмасы коюлган. Анткени учурдагы шарт боюнча төлөө бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлер үчүн оор болуп турат. Күзгө чейин Өкмөт бул максатка жетет», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.