Президент Сооронбай Жээнбеков «Бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Максат — Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын айрым ченемдерин Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексине шайкеш келтирүү болуп саналат.
Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын 2 кодексине жана 8: Токой кодексине, Салык кодексине жана «Билим берүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө», «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилди.