Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жыйырма куткаруучу тартылган. Суунун ар бир булуңуна чейин суучулдар карап жатышат. Буга атайын Бишкектен ӨКМдин суучулдар кызматынан 3 адис келген. Алардын айтымында кыздын сөөгү тыбылгыча кызмат үстүндө болушат. Эскерте кетсек, 17-май күнү Миң-Булак айылынан Он-Арча суусуна беш жарым жаштагы кыз сууга агып кеткен. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына кечки саат 8де маалымат келип түшкөн.
Адистердин айтымында дароо куткаруу кызматынан 5 адам жөнөтүлүп, ошол күнү куткаруучулар түнү менен издеп чыгышты. Ал эми социалдык тармактарда куткаруу кызматы айылга бир да жабдыгы жок келгени кызуу талкуу жараткан болчу. Бул маалыматты башкармалык четке кагат. Сууга агып кеткен Нуриля төрт бир туугандын үчүнчүсү болчу.
Тыбырап кол арага жарап калган перзентинен айрылган ата-эненин жаны кейийт. Ошол күнү Нуриля күндөгүдөй эле коңшу балдар менен ойноп жүргөн. Оюнга алаксып, суу жээгине барган балдардын катарында болгон. Жанындагылардын айтымында, Нурилянын бут кийими сууга түшүп кетип, артынан кирген. Бирок шаркыраган суу аны кайра чыгарган эмес. Куткаруучулар кыздын сөөгү табылмайынча издөө иштерин токтотпойт. Адистер балдарды суу жээгине жибербей сак болууга чакырат.