Чүй облусунун Сокулук районундагы Зууракан Кайназарова атындагы орто мектебинин ашпозчусу кургак учук оорусунун ачык түрү менен ооруганына карабай иштеп жатат деп кабатырланган ата-энелер Алатоо 24 каналына кайрылышкан. Жагдай чындыгында эле ушундайбы, буга мектеп жетекчилиги кандай пикирде? Ата-энелер менен мугалимдердин ортосундагы мындай кайым айтышуу 1-май майрамы өтөөрү менен эле башталган. Себеби бул күндөрү мектептин ашканасына жаңы ашпозчу алынып, анын кургак учук илдетинин ачык түрү менен ооругандыгы тууралуу кабар тараган.
Кургак учук менен ооруйт экен деген божомол, жаңы келген ашпозчунун жакын тууганы- 6-классттын окуучусунун сабак учурунда эс учун жоготуп кулап түшкөндөн кийин башталган. Желдей тараган мындай маалыматтан улам, учурда ата-энелер балдарынын ден соолугун ойлоп бушайман болуп турушат. Ал эми мектеп жетекчилиги болсо кооптонууга эч кандай негиз жок экендигин билдирүүдө. Себеби жаңы ашпозчу жумуш издеп келгенде анын санитардык китепчеси колунда болчу. Бирок андагы көрсөтмөлөр былтыркы жылдыкы эле.
Жанатан сөз болуп жаткан ашпозчу айым Батма Ивраимова мектепте өзү тууралуу ызы-чуу башталган кезде жумуштан кайра чыгып кеткен. Бирок биздин чыгармачыл топ барган кезде, жумушка киргенден кийин медициналык документтерин көргөздү. Бул жерде өпкөдө эч кандай өзгөрүү жок деп жазылып турат, бирок кан тапшыргандагы анализи тиркелген эмес. Учурда мектепте кургак учукка шектелген бир эмес, эки окуя катталганына карабай, бир күнгө мектепти жаап, алдын алуу иштерин жүргүзүү тууралуу ата-энелердин сунушу мектеп жетекчилиги тарабынан ишке ашкан эмес. Анын себебин директор айым жогорку тараптагылар чечиши керек деп түшүндүрдү.
Ошентип Кайназарова мектеби акыркы коңгуроону түпөйүл ойлор менен аяктаганы калды. Себеби ата-энелер жагдайды иликтеп берүүнү суранып, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылышкан. Бирок 10 күндөн кийин жыйынтыгы чыгат деген боюнча алигиче кабар жок. Ал ортодо ата-энелер мектепте мындан башка да толуп жаткан көйгөйлөр бар экендигин айтып даттанышты.Учурда Чат -Көл айылындагы ата-энелер билим берүү жана саламаттык сактоо министрликтери жагдай боюнча үн катат деп күтүп жатат. Ал эми акча чогултуу боюнча текшерүүчү тараптар келип, мектептеги абалга чекит коюлат деп үмүт артууда.