Президент Сооронбай Жээнбеков Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын көчмө жыйынына келген катышуучуларын кабыл алды. Жолугушууда уюмга мүчө мамлекеттер ортосундагы алака кеңири талкууга алынды. Ушул эле күнү Бишкекте Парламенттик Ассамблеясынын көчмө жыйыны болуп, анда жамааттык коопсуздукка шек келтирген чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип аракеттенүү, уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери каралды.
Жаматтык коопсуздук келишим уюму - биргелешкен келишимдин негизинде бир нече шериктеш мамлекеттер тарабынан түзүлгөн аскердик-саясий союз. Курамына Армения, Кыргызстан, Казакстан, Тажистан жана Беларусия кирет. Уюмдун башкы максаты мүчө өлкөлөрдүн бүтүндүгү, дегеле жалпы дүйнөдө жаралган коркунучтарга каршы туруу. Президент Сооронбай Жээнбеков уюмдун курамындагы өлкөлөрдүн парламент башчыларына алгылыктуу иштер жасалып жатканын айтып, алдыдагы дагы аткарылчу бир топ милдеттер бар экенин белгиледи.
Жыйын “Ала-Арча” резиденциясында өттү. ЖККУнун Парламенттик ассамблеясына быйыл Кыргызстан төрагалык кылууда. Жыйындын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков артыкчылыктуу багыттарга токтолду. Төрага уюмдун дараметин эл аралык, аймактык уюмдар жана үчүнчү жактар менен кызматташуу жолу аркылуу күчтөнтүү, кризистик аракет көрүү борборунун ишине карата укуктук түзүлүштү бүткөрүү зарылдыгын айтты.
Жыйында парламенттик ассамблеянын саясий маселелер жана эл аралык кызматташуу боюнча комиссиясынын төрагасы менен орун басары бекитилип, жооптуу катчынын ордуна башка өкүл дайындалды. Жыйынтыгында кезектеги жыйынды күзүндө Арменияда өткөрүү чечимин кабыл алынды. Иш-чарага байкоочу катары Сербия жана Ооганстан өкүлдөрү да катышты.