Жаңылыктар
Акыркы коңгуроого акча чогулткандарга чара көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Акыркы коңгуроого акча чогулткандарга чара көрүлүүдө

Мектептерде акча чогултулуп жаткандыгы тууралуу 72 билдирүү келип түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Айта кетсек, май айынын башында министрлик мектеп директорлоруна жана мугалимдерге белек алууга, акыркы коңгуроо аземине акча чогултууга тыюу салган. 

Ошондой эле, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн катышуусунда көңүл ачуучу жайларда салтанат өткөрүүгө да болбой тургандыгы айтылган. Билим берүү башкармалыгынын райондук, шаардык бөлүмдөрүнө күнү-түнү нөөмөт уюштурулуп, фейерверк жана денеге залал келтире турган буюмдарды колдонууга тыюу салуу тапшырмасы берилген эле. Бирок буйрук чыккан күндөн тарта 20 күндүн аралыгында бул талаптар аткарылбай жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр байма-бай келип жатат.

“Бизге ар кайсы мектептерден ушундай биздин талаптар аткарылбай жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр келип жатат. Биз аларга чара көрдүк”,- деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.