Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов абакта калтырылды. Бишкек шаардык соту экс-мэрлердин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Алардын абактагы мөөнөтүн узартуу тууралуу чечимди Ленин райондук соту 2-май күнү чыгарып, буга макул болбогон жактоочулар шаардык сотко кайрылышкан.
Кубанычбек Кулматов мектеп куруудагы мыйзам бузууларга айыпталууда. Ал эми Албек Ибраимов “Дастан” ишканасына жана пансионат сатууга байланышкан мыйзам бузууларга, ошондой эле жер тилкелерин жеке тараптарга мыйзамсыз берүү иштери боюнча да айыпталып жатат.