Жаңылыктар
Нөшөрлөп жааган жамгыр Ошту суусуз калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Нөшөрлөп жааган жамгыр Ошту суусуз калтырды

19-майда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Папан суу сактагычына жакын жерден чоң сел түшүп, Ак-Буура дарыясы каттуу ылайланды.

Натыйжада Ош шаарынын Юго-Восток, ХБК, Туран, Резиденция кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Таза сууну аймактарга жеткирүү үчүн суу ташыган төрт автоунаа даярдалды. Алар шаар тургундарынын чакыруусу боюнча сууну жеткирип беришет.