Анын алкагында, буга чейин Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун 8-эл аралык марафону, Бишкекте уюмдун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйыны өттү. Андан сырткары аялдар форуму, ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кеңеши өтүп, алдыда тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны жана башка бир катар иш-чаралар күтүлүүдө. Ал эми иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити июнь айында Бишкекте өтөт.
Эске салсак, Шнхай кызматташтык уюму 2001-жылы түзүлүп, ага Кыргызстан, Кытай, Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан баштаган алты мамлекет кирген. 2017-жылы уюмга Пакистан жана Индия толук укуктуу мүчө катары кошулган. ШКУнун аймагы Евразия континентинин 60 пайызын ээлеп, калкынын саны 3 млрд 40 млнго жакын. Буга чейин Шанхай кызматташытк уюмунун саммити Кыргызстанда 1999-2007 жана 2013-жылдары өткөн.